Сунуштамаларды көзөмөлдөө боюнча улуттук маалымат базасын киргизүү каралууда

Коом 16 октябрь 2026 18:20
6ad207e2db322-thumb.jpeg
6ad207e2f3549-thumb.jpeg
6ad207e3a53fc-thumb.jpeg
6ad207e340fb5-thumb.jpeg
6ad207e3639dc-thumb.jpeg
6ad207e32088b-thumb.jpeg
6ad207e351623-thumb.jpeg
6ad207e373310-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6ad207e2db322-thumb.jpeg
6ad207e2f3549-thumb.jpeg
6ad207e3a53fc-thumb.jpeg
6ad207e340fb5-thumb.jpeg
6ad207e3639dc-thumb.jpeg
6ad207e32088b-thumb.jpeg
6ad207e351623-thumb.jpeg
6ad207e373310-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеванын төрагалыгы астында Сунуштамаларды көзөмөлдөө боюнча улуттук маалымат базасын (СКУМБ) киргизүү боюнча семинар өттү.

Семинар Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катчылыгы менен БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) биргеликте, БУУнун Балдар укуктары боюнча комитетинин корутунду байкоолорун аткаруу боюнча 2025–2028-жылдарга карата Иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

СКУМБны киргизүү министрлер кабинетинин тескемесине ылайык башталды. Анын максаты – балдардын укуктарын коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана корутунду байкоолордун ишке ашырылышына сапаттуу мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу.

Асел Чынбаева иш-чаралар планынын аткарылышына системалуу мониторинг жүргүзүүнүн, берилүүчү маалыматтардын аныктыгынын жана СКУМБ менен иштөөдө бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул иштин сапаты жетишилген натыйжаларды объективдүү баалоо жана 2028-жылы Кыргыз Республикасынын БУУнун комитетине баяндамасын даярдоо үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Маалымат үчүн: СКУМБ – БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы (АУЖКБ) тарабынан иштелип чыккан интерактивдүү санариптик платформа. Ал адам укуктары жана Туруктуу өнүгүү максаттары жаатындагы эл аралык милдеттенмелердин аткарылышын пландаштырууга жана баалоого жардам берет. Учурда система 24 өлкөдө колдонулууда. СКУМБга өтүү көлөмдүү баяндама отчеттуулукту башкарылуучу, аналитикалык жана жыйынтыкка багытталган мониторинг системасына алмаштырууга мүмкүндүк берет.

Семинарга Иш-чаралар планын ишке ашырууга жооптуу 36 мамлекеттик органдын өкүлдөрү, ошондой эле ЮНИСЕФ жана АУЖКБ адистери катышты.