Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Кыргыз улуттук тарых музейинде өткөн “Илимдеги кыздар” долбоорунун иш-чарасында катышкан өспүрүмдөрдү билим алууга, алдына так максат коюп, кыялдануудан коркпоого чакырды.
Анын айтымында, азыркы учурда көптөгөн мүмкүнчүлүктөр менен катар ар кандай алаксыткан себептер да бар. Ошондуктан ар бир кыз өзүнүн келечегин так элестетип, алдына максат коюп, ага жетүүгө умтулуусу маанилүү.
“Кыздар ар дайым билим алышы керек. Бул үчүн эң негизгиси — алдыңарда ачык-айкын максат болушу зарыл. Эгер максатыңар болсо, ага сөзсүз жетесиңер. Кыялдангыла, өз максатыңарды көргүлө. Ошондо тагдыр силерди керектүү адамдар, керектүү багыт жана керектүү окуу жай менен жолуктурат. Жүрөгүңөрдө билим алууга каалоо болсо, ал кыялыңарга сөзсүз жетесиңер. Эч качан чоң максаттарды коюдан коркпогула. Ар дайым башыңарды бийик көтөрүп, эң мыкты, ийгиликтүү адамдардан үлгү алгыла. Ошондо мындан да бийиктиктерге жетише аласыңар”, - деди Чынбаева.
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл мамлекет балдарды өлкөнүн келечеги катары карап, алардын билим алуусуна жана өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.
“Мамлекет, президентибиз Садыр Жапаров балдарды өнүктүрүүнү, бакубат жашоодо өстүрүүнү эң маанилүү багыттардын бири катары карап, көп иштерди жасап жатат. Силер — биздин эртеңки келечегибизсиңер. Силер канчалык билимдүү, акылдуу жана ийгиликтүү болсоңор, өлкөбүздү ошончолук алдыга жылдыра аласыңар”, - деди Чынбаева.
Ошондой эле сөзүнүн соңунда кыздарды алдыдагы 11-октябрь — Кыздардын эл аралык күнү менен куттуктап, бекем ден соолук жана окууларына ийгиликтерди каалады.