Быйыл Жалал-Абадда 25 өнөр жай долбоору ишке ашырылат

Аймак
Быйыл Жалал-Абадда 25 өнөр жай долбоору ишке ашырылат
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Быйыл "100 өнөр жай ишканасы" долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунда 25 долбоорду ишке ашыруу каралган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун эли жана активи менен жолугушканда билдирди.

Мамлекет башчысы белгиленгендей, буга чейин бир катар объекттер пайдаланууга берилди.

"Алардын катарында "Тегене" көмүр кенин иштетүүчү ишкана, сэндвич-панелдерди өндүрүүчү "Мантай Групп" заводу, кубаттуулугу 5 МВт болгон "Солар Энержи" күн электр станциясы жана башка өндүрүш объектилери бар", - деди президент.

Садыр Жапаров билдиргендей, дагы бир катар обьектилер жылдын аягына чейин ачылат.