Бишкек, 21.09.26 /Кабар/. Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы өлкөнүн эл аралык аренадагы жаңы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Бул тууралуу коомдук жана мамлекеттик ишмер Абдрахман Маматалиев “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан Коопсуздук кеңешине мүчө катары дүйнөдөгү маанилүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышып, өзүнүн позициясын билдирүүгө мүмкүнчүлүк алат.
“Туруктуу эмес мүчө болгондуктан, биз эми чечүүчү добушка ээбиз. Бул биздин позициябыздын, кадыр-баркыбыздын жогорулаганын көрсөтөт”, — деди ал.
Маматалиев белгилегендей, Кыргызстан Коопсуздук кеңешинин алкагында эл аралык коопсуздук боюнча өзүнүн сунуштарын билдирип, башка мамлекеттер менен пикир алышууга мүмкүнчүлүк алат. Ал буга чейин Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана башка маанилүү иш-чаралардын алкагында да Кыргызстандын жаңы статусуна байланыштуу пикирлер айтылганын белгиледи.
“ШКУ саммити өттү. Ошол жерде деле президентибизди куттуктап, аймактагы жана дүйнөлүк азыркы кырдаалда кандай таасир тийгизе алабыз, ошолор боюнча пикир алышуу, сунуштар айтылды.
Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясындагы сөзүндө коопсуздук маселесине, дүйнөдөгү кырдаал мындан ары начарлап кетпешине көңүл бурат болуш керек. Андан кийин тиешелүү чечимдер кабыл алынып, биз ошого жараша добуш берилет”, — деди ал.
Мындан тышкары, Маматалиев Кыргызстанды колдогон мамлекеттер менен байланыштарды чыңдоо жана эл аралык маселелер боюнча пикир алышууларды улантуу маанилүү экенин белгиледи.
“Өлкөнүн БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги жаңы макамы башка мамлекеттер менен кызматташуунун жаңы багыттарын ачат. Бизди колдогон мамлекеттер да кайрылып, өтүнүчтөрүн билдириши мүмкүн”, — деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясы 21-сентябрдан 25-сентябрга чейин өтүп, анда дүйнөлүк кызматташтыкты күчөтүү, туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу, тынчтык жана коопсуздук маселелери талкууланат. Ага президент Садыр Жапаров катышат.