ШКУ саммитинин жыйынтыгы жана Кыргызстандын төрагалыгы: Пекинде брифинг өттү

Саясат 14 сентябрь 2026 10:00
de729088-d44e-35f6-9e86-cb3fab7b2544.jpg
033ce190-7b20-3e2a-8702-29a47bf044c0.jpg
Алдыга
Артка
de729088-d44e-35f6-9e86-cb3fab7b2544.jpg
033ce190-7b20-3e2a-8702-29a47bf044c0.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Пекин шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгында Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева жана Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев Бишкек шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча брифинг өткөрүштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кытайда аккредитацияланган ШКУга мүчө мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, ШКУга мүчө мамлекеттердин ШКУ катчылыгына караштуу туруктуу өкүлдөрү жана ШКУ катчылыгынын өкүлдөрү катышты.

Брифингдин башында ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев катышуучуларга ШКУ саммитинин жыйынтыктары жана Кыргызстандын 2025–2026-жылдардагы уюмга төрагалыгы тууралуу маалымат берди.

Актилек Мусаева Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында өткөрүлгөн бир катар иш-чаралар жана Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берип, Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына, Бишкек шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына, ошондой эле уюмдун алдында турган ар түрдүү багыттардагы милдеттерге өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле ал Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышына жана акыркы мезгилде чет мамлекеттердин лидерлеринин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик жана расмий сапарларына өзгөчө токтолду.

Мындан тышкары, элчи Кыргызстанда ɵткɵн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу катышуучуларга маалымат берди.

Актилек Мусаева 2027-жылдын октябрь айында Кыргызстанда “Бишкек+25" аттуу экинчи дүйнөлүк тоо саммити өтөрүн белгилеп, Кыргызстандын өнөктөштөрүн бул маанилүү иш-чарага активдүү катышууга чакырды.

Сөзүнүн соңунда элчи ШКУга 2026–2027-жылдары төрагалык кылган тарап катары Пакистандын Кытайдагы элчиси Халил Хашмиге уюмга төрагалык кылууда ийгиликтерди каалады.