Бишкектеги ШКУ саммити Борбор Азиянын аброюн арттырды – казакстандык эксперт

Пикир 9 сентябрь 2026 17:35
Бишкектеги ШКУ саммити Борбор Азиянын аброюн арттырды – казакстандык эксперт
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Казакстандын Салыштырмалуу саясий изилдөөлөр борборунун директору Айдар Амребаев Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу "Кабар" улуттук маалымат агенттигине өз пикирин билдирди.

Амребаевдин айтымында, ШКУнун 25 жылдык мааракесине туш келген Бишкек саммити эң жогорку деңгээлде уюштурулган. Саясат таануучу саммитке катышкан лидерлердин, уюмга мүчө мамлекеттердин, байкоочулардын жана диалог боюнча өнөктөштөрдүн курамы абдан кеңири болгонун баса белгилеп, бул Кыргызстандын азыркы жетекчилигинин эл аралык майдандагы жогорку аброюн айгинелеп турарын айтты.

"ШКУнун мамлекет башчыларынын саммити менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы бир убакта өттү жана эки иш-чара тең жогорку деңгээлде уюштурулду. Саммитте кабыл алынган Бишкек декларациясында Борбор Азия ШКУнун негизги көңүл борбору болуп саналаары даана ырасталган. Бул абдан маанилүү, анткени уюм кеңейген сайын күн тартибиндеги маселелердин да саны өсүүдө. Азыр Борбор Азия өлкөлөрүнүн үнү кыйла салмактуу болуп калды.
Кыргызстан быйыл БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болду. Бул — абдан олуттуу кадам. Кыргызстан ал жерде бүткүл Борбор Азиянын кызыкчылыгын татыктуу коргойт деп ишенем. Чөлкөмүбүз коопсуз, туруктуу жана өнүккөн аймакка айланышы үчүн баарыбыз бир багытта иш алып баруудабыз", — деди саясат таануучу.

Ошондой эле Айдар Амребаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдөгү Кыргызстандын даярдыгына жогору баа берип, иш-чарадагы маданий программалар, инновациялык жана технологиялык чечимдер Борбор Азиянын зор потенциалын далилдегенин белгиледи.

"Көчмөндөр оюндары дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүлүн бурду. Бул Кыргызстандын гана эмес, бүткүл Борбор Азиянын аброюн көтөрөт. Мындай жогорку деңгээлдеги иш-чара үчүн Казакстан да сыймыктанууда. Себеби, бул бир гана Кыргызстандын эмес, бүткүл Борбор Азия үчүн чоң сыймык. Оюндардан кийин Ысык-Көлгө жана башка кооз аймактарга туристтердин агымы кыйла көбөйөт деп ишенем. Ушундай улуу жоопкерчиликти моюнга алып, аны жогорку деңгээлде ишке ашырганы үчүн кыргыз боордошторубузга ыраазычылык билдиришибиз керек. Кыргызстан — керемет өлкө, ал эми кыргыз эли — биздин эң жакын бир тууганыбыз", — деп жыйынтыктады эксперт.