Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары акыркы жети жылдагы алгачкы жана тарыхта 3-мамлекеттик сапар болуп, өзгөчө тарыхый мааниге ээ болду. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзяньпин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына арналган брифингде билдирди.
Анын айтымында, сапар эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердеги маанилүү окуялар дал келген өзгөчө мезгилде өттү. Элчи Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын үч негизги өзгөчөлүгүнө токтолду.
1. Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы
31-августта төрага Си Цзиньпин "Ынтымак Ордо" административдик комплексине барып, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Кытай лидери кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү жетишкендиктерине жогору баа берди. Эки мамлекеттин башчылары өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү боюнча кеңири макулдашууга жетишип, бекем коңшулук мамилелерди жана жалпы өнүгүү жолун улантууну ырасташты.
2. Өнүгүүнүн улуттук стратегияларын айкалыштыруу.
Сапар Кытай Коммунисттик партиясынын 105 жылдыгына жана Кытайдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 15-беш жылдык планынын башталышына туш келди. Өз кезегинде Кыргызстан 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын жана "Жаңы Кыргызстан" концепциясын ырааттуу ишке ашырууда. Өлкөлөр активдүү өсүү баскычында турган учурда мамлекеттик стратегияларды айкалыштыруу жана ар тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө боюнча жаңы багыттарды аныкташты.
3. ШКУнун 25 жылдыгы
Уюмду негиздөөчү мамлекет катары Кытай менен Кыргызстан анын негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири болуп, "Шанхай рухун" ырааттуу карманып келишет. Төрага Си Цзиньпиндин Бишкектеги саммитке катышуусу Кыргызстандын ШКУга төрагалыгын Кытайдын бекем колдой турганын көрсөтүп, уюмдун ишин жаңы деңгээлге чыгарууга болгон биргелешкен умтулууну дагы бир ирет ырастаган.