Бишкек, 09.09.26 /Кабар/. Кыргызстан акыркы күндөрү бир катар ири эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүп, дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборунда болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирип, бул өлкөнүн эл аралык аброю өсүп жатканын көрсөткөнүн айтты.
Ал эми тарыхчы жана коомдук ишмер Кыяс Молдокасымов "Кабар" агенттигине өлкө башчысынын бул билдирүүсүнө карата пикирин билдирип жатып, мындай ири иш-чараларды өткөрүү Кыргызстан үчүн чоң жоопкерчиликти талап кылганын белгиледи.
“Ар бир жогорку деңгээлдеги конокту тосуп алуу мамлекеттен чоң жоопкерчиликти талап кылат. Анткени аларды канчалык жакшы деңгээлде тосуп алса, бул мамлекеттин жүзүнө, имиджине ошончолук жакшы таасир этет. Ошондуктан бул саммит Кыргызстан үчүн өтө жооптуу болду. Биздин жетекчилик бул жоопкерчиликти сезип, саммитти абдан жогорку деңгээлде өткөрдү.
ШКУ саммитине даярдык бир-эки жыл мурда башталып, жогорку деңгээлдеги конокторду кабыл алуу үчүн бир катар маанилүү иштер аткарылды. Саммитти өткөрүүгө атайын “Ынтымак Ордо” жыйындар комплекси курулуп, мамлекет башчыларынын коопсуздугун камсыздоо жана жайгашуусу боюнча тиешелүү протоколдук иштер жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, ШКУ саммити VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи менен туш келип, “Бишкек Арена” стадионунун өз убагында даяр болушу да маанилүү болду. “Бишкек Аренада” жогорку деңгээлдеги коноктор менен жалпы кыргызстандыктардын чогуу болушу да абдан маанилүү болду. Кыргызстан өзүнүн милдеттерин жогорку деңгээлде аткарды”, — деди Кыяс Молдокасымов.
Ошондой эле ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейинки оюндарга салыштырмалуу кыйла жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи.
“Көчмөндөр оюндары мурдагы оюндарга караганда кыйла иреттүү жана атайын даярдык менен өттү. Ар бир эрежеси так жазылып, мурда талаш-тартыш жараткан айрым маселелер боюнча да атайын эрежелер иштелип чыкты. Жаан-чачынга жана айрым логистикалык кыйынчылыктарга карабастан, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары абдан мыкты, жогорку деңгээлде өткөнүнө өзүбүз күбө болдук”, — деди ал.