Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Дүйнөгө белгилүү ырчы Шакира Бишкектеги концерти тууралуу Instagram баракчасына жарыялады.
“Кыргызстан да, анын эли да мага абдан жакты. Керемет шоу үчүн рахмат!” — деп жазды ырчы.
Ошондой эле ал концерттен үзүндүлөрдү, көрөрмандардын ырдап, бийлеп жаткан видеолорун, алардын эмоциялары менен пикирлерин жарыялады.
Эскерте кетсек, Шакиранын концерти 18-октябрда Бишкекте өттү. Бул анын Борбор Азиядагы алгачкы концерти болду. Ага карата Бишкектеги концертке Казакстан, Өзбекстан, Россия жана башка өлкөлөрдөн көптөгөн күйөрмандар келди.