Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстан менен Германиянын кызматташтыгына арналган жашылдандыруу акциясы өттү.
Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын алкагында "Бишкек Арена" стадионунун жанындагы 750 чарчы метр аянтка 58 чынар жана 2,5 миңден ашык декоративдүү бадалдар менен көп жылдык өсүмдүктөр отургузулду.
Акцияга мамлекеттик мекемелердин, эл аралык уюмдардын жана өнөктөш түзүмдөрдүн 60тан ашык өкүлү катышты.
Жаңы жашыл аймак талаа көрүнүшүндө жасалгаланып, стадиондун архитектурасына шайкеш келтирилди.
Иш-чараны Германиянын Бишкектеги элчилиги, Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасы уюштурду.
Уюштурууга MoveGreen экологиялык уюму да көмөк көрсөттү.