"Бишкек Арена" 2ГИС картасында жаңы форматта пайда болду

Коом
01_13_GVthLxV.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
02_11.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
03_9.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
01_13_GVthLxV.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
02_11.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
03_9.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon 2ГИС

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. 2ГИС эл аралык картографиялык сервисинде борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунун үч өлчөмдүү модели пайда болду.

Компаниянын маалыматына ылайык, эми шаар тургундары жана коноктору стадиондун архитектурасын жана инфраструктурасын картадан майда-чүйдөсүнө чейин көрө алышат.

3D моделде имараттын сырткы көрүнүшү, чатырдын түзүлүшү, трибуналар, адамдар өтүүчү аймактар жана кире бериштер чагылдырылган.

"Бул модель көрүүчүлөргө оюндарга, концерттерге жана башка ири иш-чараларга алдын ала даярданып, керектүү кире беришти же инфраструктуралык объектилерди оңой табууга жардам берет", - деп айтылат маалыматта.

Стадиондун 3D модели 2ГИСтин iOS жана Android үчүн мобилдик тиркемелеринде, ошондой эле 2gis.kg сайтында жеткиликтүү.

Кантип көрүүгө болот?

2ГИС тиркемесинен же сайтынан "Bishkek Arena" деп издеп, картаны жакындатып, үч өлчөмдүү режимге өтүү үчүн көрүү бурчун өзгөртүү керек. Мобилдик тиркемеде бул үчүн экранды эки манжа менен өйдө сүрүү жетиштүү.