Акыркы алты жылда Кыргызстанда спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, аймактарда машыгууга шарт түзүү жана эл аралык мелдештерди өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында бир катар иштер жүргүзүлдү. Бул мезгилде аймактарда спорттук комплекстер, ареналар курулуп, жаңы стадиондор пайдаланууга берилди. Алардын сап башында 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган “Бишкек Арена” турат. Муну менен катар спортчулардын машыгуусуна жана эл аралык мелдештерге даярдануусуна шарттар жакшырып, кыргызстандык спортчулар дүйнөлүк аренада ийгиликтерди жаратып келишүүдө.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, акыркы жылдары спорт тармагын каржылоо кыйла көбөйдү. Атап айтканда, 2020-жылы спортту өнүктүрүүгө 802 млн сом бөлүнсө, 2026-жылы бул сумма 3 млрд 684 млн сомго жетип, 4,6 эсеге өстү. Ошондой эле спорт тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы 240 пайызга жогорулады.
Спорттук инфраструктура: аймактардан баштап ири ареналарга чейин
Агенттиктен белгилешкендей, 2020-жылы Жалал-Абад облусунун Төрт-Күл айылында, 2021-жылы Нарын облусунун Баетов айылында дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстери ачылды. Ошол эле жылдын октябрь айында Раззаков шаарында А. Сулайманов атындагы спорттук комплекс пайдаланууга берилди.
2022-жылы Бишкек шаарында Кыргыз футбол союзунун улуттук футзал жана футбол базасы ачылып, ноябрь айында Ош шаарында спорттук комплекс пайдаланууга берилди. 2023-жылы Нooкатта дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси ачылып, Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунун негизги аренасы жаңыланды. Стадионго гибриддик газон төшөлүп, жарыктандыруу системасы жаңыртылып, 5 миң көрүүчүгө ылайыкталган орундар каралган. Ошол эле жылдын сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында көп функционалдуу спорттук комплекс ачылды.

2024-жылы Баткен шаарында дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси жана Жалал-Абад шаарында Кыргыз футбол союзунун футбол академиясынын комплекси пайдаланууга берилди. Ошондой эле Жалал-Абадда “Барселона” футбол академиясы ачылып, Бишкекте да ушундай багыттагы спорттук инфраструктураны түзүү иштери башталды. Октябрь айында Бишкекте күрөштү өнүктүрүү боюнча спорттук борбор ачылды.
2025-жылы Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондун “Спартак” аренасын жаңылоонун биринчи этабы аяктады. Май айында Нарында жабык дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси, сентябрда Кара-Балта шаарында бассейни жана универсалдуу спорттук залы бар комплекс пайдаланууга берилди. Ноябрь айында Ысык-Көл облусундагы “Кара-Ой” олимпиадалык машыгуу борборунун бийик тоолуу базасы ишке киргизилди.
2026-жылы Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүндө көп функционалдуу спорттук комплекс ачылды. 31-августта “Бишкек Арена” стадионунун техникалык ачылышы болуп, анда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өткөрүлдү. 5-октябрда стадиондун расмий ачылышы өттү. 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган арена FIFA жана AFC стандарттарына жооп берет.

Күн мурун аталган аренанын мүмкүнчүлүктөрү дүйнөлүк жылдыз Шакиранын Бишкектеги концерти аркылуу да көрүндү. Эл аралык деңгээлдеги бул иш-чарага чет өлкөлөрдөн көптөгөн күйөрмандар келип, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга жана өлкөнүн туристтик жагымдуулугун арттырууга өбөлгө түздү.
Ошондой эле Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун аймагындагы 5 миң орундуу кичи аренанын курулушу аяктады.
Ири спорттук долбоорлор жана академиялар
Спорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө ири ареналар менен катар жаш спортчуларды даярдоого багытталган академиялардын жана машыгуу базаларынын мааниси чоң. Жалал-Абад шаарындагы “Барселона” футбол академиясы жаш футболчуларды даярдоого шарт түзсө, Кыргыз футбол биримдигинин Жалал-Абад жана Ош шаарларындагы академиялары менен машыгуу борборлору футболдун өнүгүшүнө багытталган.
Ысык-Көл облусундагы “Кара-Ой” олимпиадалык машыгуу борбору улуттук курама командаларды бийик тоолуу шартта даярдоого мүмкүнчүлүк берет. Мындай базалар спортчулардын физикалык даярдыгын жакшыртып, эл аралык мелдештерге даярдануусуна шарт түзөт.
Каракол шаарында 12 гектар аянтты камтыган спорттук кластерди куруу долбоору да каралган. Анын курамына 5 миң орундуу стадион, олимпиадалык бассейн жана жабык спорттук ареналар кирет. Долбоор ишке ашса, Ысык-Көл облусунда ири спорттук мелдештерди өткөрүү жана спортчуларды даярдоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейет.
Массалык спортту өнүктүрүү жана жаштарды колдоо
Профессионалдык спорт менен катар калктын, айрыкча балдар менен жаштардын спортко катышуусун кеңейтүүгө да көңүл бурулууда. Аймактардагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, машыгуу шарттарын жакшыртуу жана спорттук инвентарлар менен камсыздоо бул багыттагы иштердин катарына кирет.

Күрөш, көк бөрү, ордо сыяктуу улуттук спорт түрлөрүн жана олимпиадалык спорттун түрлөрүн өнүктүрүү, ошондой эле райондук жана облустук мелдештерди уюштуруу жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырууга багытталган. Мындай иш-чаралар калк арасында сергек жашоо образын жайылтууга да өбөлгө түзөт.
Жаңы спорттук объектилердин курулушу, машыгуу борборлорунун өнүгүшү жана жаш спортчуларга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр өлкөнүн спорттук инфраструктурасын чыңдоого багытталган. Бул иштердин улантылышы келечекте спортчулардын эл аралык мелдештердеги жыйынтыктарын жакшыртууга жана Кыргызстанда ири спорттук иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт.
Спортчулардын эл аралык жетишкендиктери
Акыркы жылдары өлкөдө спортчуларды эл аралык мелдештерге даярдоого жана жаш таланттарды колдоого да өзгөчө көңүл бурулууда. Бул багытта спорттук инфраструктураны жакшыртуу, окуу-машыгуу жыйындарын уюштуруу жана спортчулардын эл аралык мелдештерге катышуусуна шарт түзүү иштери жүргүзүлүп келет.
Кыргызстандык спортчулар соңку жылдары эл аралык аренада бир катар ийгиликтерге жетишти. Анын ичинде 2024-жылы Парижде өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын курама командасы алты медаль — эки күмүш жана төрт коло байге жеңип алды. Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медалдарга ээ болушса, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Үзүр Жусупбеков коло медалдарды багындырышты.

Мындан тышкары, кыргызстандык спортчулар Азия оюндарында да ийгиликтерди жаратып келишет. 2023-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн XIX Азия оюндарында Кыргызстандын курама командасы төрт алтын, эки күмүш жана тогуз коло медаль жеңип алып, жалпы командалык эсепте 18-орунду ээлеген.
Эл аралык мелдештердеги мындай жыйынтыктар кыргызстандык спортчулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү менен катар өлкөдө спортту өнүктүрүүнүн маанисин да арттырат. Спортчулардын ийгиликтери жаш муунду спорт менен машыгууга шыктандырып, улуттук спорттун эл аралык деңгээлде таанылышына өбөлгө түзүүдө.
Спортко мамлекеттик колдоо күчөп, мүмкүнчүлүктөр кеңейди
Коомдук ишмер, “Кулатуу Эртаймаш ММА” федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев инфраструктуранын өнүгүшү, ири мелдештерди өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши жана спортчулар үчүн түзүлгөн шарттар тармактын өсүшүнө өбөлгө болгонун белгиледи.
Анын айтымында, буга чейин Кыргызстанда ири эл аралык мелдештерди өткөрүүгө ылайыктуу спорттук ареналардын жетишсиздиги байкалса, акыркы жылдары бул багытта олуттуу өзгөрүүлөр болду. Жаңы спорттук жайлардын курулушу өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги мелдештерди уюштуруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтти.

“Мисалы, мурда бизде ири мелдештерди өткөрүү үчүн негизинен бир гана чоң Спорт сарайы бар болчу. Бирок ал бардык масштабдуу мелдештерди өткөрүүгө ылайыктуу эмес эле. Азыр “Бишкек арена”, “Жаштык Арена” сыяктуу спорттук жайлардын пайда болушу чоң мааниге ээ. Мындай инфраструктуранын өнүгүшү Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги ири турнирлерди өткөрүүгө шарт түзүүдө”, — деди ал.
Эксперт ошондой эле акыркы беш-алты жылда спорт тармагына бөлүнгөн каражаттын көбөйүшү жана мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоо спорттун өнүгүшүнө оң таасирин тийгизгенин белгиледи.
Анын пикиринде, спорттук инфраструктуранын жакшырышы менен катар спортчулардын эл аралык мелдештердеги жетишкендиктери да өлкөдө жүргүзүлүп жаткан спорт саясатынын натыйжасын көрсөтүп турат. Бул өзгөчө күрөш жана жекеме-жеке спорт түрлөрүндө байкалууда.
“Кайсы гана спорт түрү болбосун, анын өнүгүшү үчүн биринчи кезекте машыгууга ылайыктуу шарттар жана керектүү инфраструктура болушу керек. Азыр мамлекеттин спортко көңүл бурушу, спортчуларга түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөр өз натыйжасын бере баштады. Бул жетишкендиктер алдыдагы жылдары дагы жакшы жыйынтыктарга жетүүгө негиз болот деп ойлойм”, — деп кошумчалады Руслан Кыдырмышев.

Жыйынтыктап айтканда, акыркы жылдары Кыргызстанда спортту өнүктүрүү, спорттук инфраструктураны жакшыртуу жана эл аралык мелдештерди өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында бир катар өзгөрүүлөр болду. Бул жетишкендиктердин маанилүү мисалдарынын бири — сентярбрь айында өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Ага 104 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышып, өлкөнүн улуттук спорт түрлөрүн дүйнөгө таанытууга жана эл аралык спорттук байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түздү.
Спортчулардын Олимпиада жана Азия оюндарындагы ийгиликтери, жаңы спорттук объектилердин пайда болушу жана мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоо тармактын өнүгүшүнө шарт түзүүдө. Бул багыттагы иштерди улантуу Кыргызстандын эл аралык спорттогу аброюн жогорулатууга, жаш таланттарды колдоого жана калк арасында сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө болот.