Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүн бирдиктүү туристтик багыт катары илгерилетүүнү сунуштады. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Японияда өткөн Tourism Expo Japan эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагындагы 9-министрлик тегерек столдо билдирди.
Агенттиктин маалыматына караганда, жыйында айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу жана жоопкерчиликтүү туризмди өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык кызматташтык маселелери талкууланды.
Кубатов көчмөн цивилизация, тарыхый-маданий мурас, тоо туризми жана аймактагы жаратылыштын ар түрдүүлүгү Борбор Азиянын туристтик потенциалын биргеликте таанытууга жана бирдиктүү туристтик продукт түзүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.