Кыргызстан 12 жылдык билим берүүдө улуттук методиканы колдонот

Билим 21 сентябрь 2026 12:55
Кыргызстан 12 жылдык билим берүүдө улуттук методиканы колдонот
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 21.09.26 /Кабар/. Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүдө Сингапурдун даяр методикасы түздөн-түз колдонулбайт. Башка мамлекеттердин тажрыйбасы Кыргызстандын шарттарына ылайыкташтырылып, улуттук өзгөчөлүктөр эске алынган методика иштелип чыккан. Бул тууралуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов билдирди.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, анын айтымында, азыркы дүйнөдө мамлекеттер бири-биринин тажрыйбасын үйрөнүп, ийгиликтүү ыкмаларын өзүнө ылайык колдонуп келет. Бирок башка өлкөнүн методикасын толугу менен көчүрүп алып колдонуу мүмкүн эмес.

“Ар бир элдин өзүнүн тарыхы, маданияты, менталитети, улуттук баалуулуктары, каада-салты, үй-бүлөлүк нарк-насили жана жашоо шарты бар. Ошондуктан билим берүү системасын түзүүдө ушул өзгөчөлүктөр менен катар буга чейин колдонулуп келген билим берүү системасы, мектепке чейинки жана мектептен кийинки билим берүү, мамлекеттин экономикалык абалы да эске алынат”, — деди Алмазбек Токтомаметов.

Анын маалыматына караганда, 12 жылдык билим берүүнүн жаңы методикасынын негизин Кембридж системасы түзөт. Дүйнөдө 100дөн ашык мамлекет бул системаны өз шарттарына ылайыкташтырып колдонуп келет. Сингапур да Кембридж системасын өзүнүн шарттарына ылайыкташтырган өлкөлөрдүн бири.

“Кыргызстан Сингапурдан окуу китептерин алып, аларды которуп, ыңгайлаштыруу менен өзүнүн методикасын иштеп чыкты. Учурда 12 жылдык билим берүүдө колдонулуп жаткан методика — башка мамлекеттердин ийгиликтүү тажрыйбаларын алып, ага Кыргызстандын өзгөчөлүктөрүн айкалыштырган методика”, — деп белгиледи ал.

Ал белгилегендей, жаңы методика Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартына, предметтик стандарттарга жана окуу программаларына негизделген. Бул документтер Кыргызстандагы жергиликтүү адистер жана эксперттер тарабынан иштелип чыккан.

“Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын компетенттүүлүктөр боюнча тиркемеси бар. Анын өзөгүн баалуулуктар түзөт. Күтүлүүчү натыйжада “Кыргыз жараны” калыптанат деп көрсөтүлгөн. Анан кантип бул башка мамлекеттин методикасы болуп калат?” — деди Алмазбек Токтомаметов.

Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартында белгиленген негизги баалуулуктар:

  • Мекенчилдик;
  • Чынчылдык жана адилеттүүлүк;
  • Жоопкерчиликтүүлүк;
  • Боорукердик жана жан тартуу;
  • Эмгекчилдик жана ак ниеттүүлүк;
  • Жаратылышка аяр мамиле жасоо;
  • Туруктуу өнүгүү принциптерин кармануу.