Бишкек – Фукуок багыты боюнча туруктуу каттамдар ачылат

Бизнес 25 сентябрь 2026 19:26
Бишкек – Фукуок багыты боюнча туруктуу каттамдар ачылат
copyright icon «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын пресс-кызматы

Бишкек, 25.09.26 /Кабар/. «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2026-жылдын 31-октябрынан тартып Бишкек – Фукуок – Бишкек эл аралык маршруту боюнча туруктуу каттамдарды аткара баштайт.

Каттамдар жумасына 3 жолу аткарылып, Кыргызстан менен Вьетнамдын популярдуу туристтик аралы болгон Фукуоктун ортосунда түз аба байланышын камсыздайт.

Мындан тышкары, жүргүнчүлөр үчүн маанилүү маалымат: Фукуоктон Бишкекке кайтып келе жатканда, белгиленген жүк ташуу талаптарына жана колдонуудагы эрежелерге ылайык, салмагы 5 кг чейин мөмө-жемиш салынган бир себетти акысыз алып өтүүгө уруксат берилет.

Буга чейин Бишкек – Фукуок – Бишкек маршруту авиакомпаниянын каттамдар тармагында негизинен чартердик ташуулар катары гана аткарылып келген. 2026-жылдын октябрынан тартып «Аэро Номад Эйрлайнс» бул багытты туруктуу негизде тейлей баштайт.