Өнүгүүгө кадам: "Борбордук Азиялык Капитал Банкы" B+ рейтингин камсыздады

Бизнес 28 сентябрь 2026 09:50
Өнүгүүгө кадам: "Борбордук Азиялык Капитал Банкы" B+ рейтингин камсыздады
copyright icon "Капитал Банк" пресс-кызматы

Бишкек, 28.09.26 /Кабар/. "Эксперт РА" алдыӊкы рейтинг агенттиги рейтинг комитетинин отурумунун жыйынтыгы боюнча "Борбордук Азиялык Капитал Банкы" ААКка эл аралык рейтинг шкаласы боюнча кредит жөндөмдүүлүгү эл аралык рейтингин ыйгарды. Рейтинг боюнча божомол "туруктуу" деп белгиленди.

B+ деӊгээлинде эл аралык рейтингин ыйгаруу "Борбордук Азиялык Капитал Банкы" ААКтын жогорку финансылык туруктуулугун, тобокелдиктерди тескөө боюнча ар тараптан каралган саясатын, ошондой эле институттун өз убагында жана толук көлөмдө финансылык милдеттенмелерин аткаруусун тастыктайт. Туруктуу божомол агенттиктин негизги баланстык көрсөткүчүн сактоосун жана банктын орто мөөнөттүү келечекте банктын тобокелдиктеринин профили боюнча агенттиктин күтүүлөрүн чагылдырат.

Комплекстүү баалоонун жүрүшүндө агенттиктин эксперттери банктын финансылык жыйынтыктарынын динамикасын, активдердин сапатын, капиталдын жана ликвиддүүлүктүн жетиштүүлүк деӊгээлин, ошондой эле корпроративдик башкаруунун жана уюмдун финансылык эмес тобокелдик профилинин түзүмүн анализдешти.

"Эксперт РА“ сыяктуу абройлуу агенттиктен рейтингге ээ болуу — бул, биздин узак мөөнөттүү өнүгүүнү ишке ашыруудагы маанилүү кадам. Туруктуу божомолдогу B+ деӊгээлиндеги рейтинг тандап алган багыттын тууралыгын, өнөктөштөр тарабынан ишенимдин жогорку деӊгээлин жана бизнести жүргүзүүнүн алгылыктуулугун тастыктайт. Биз мындан ары дагы тейлөө сапатын жогорулатуу жана туруктуу финансылык динамиканы көрсөтүү аркылуу рынокто өз позициябызды бекемдей беребиз деген ниеттебиз", — деп белгиледи "Борбордук Азиялык Капитал Банкы" ААКтын жетекчилиги.

Рейтинг агенттиги негизги финансылык жана операциялык көрсөткүчтөрдүн динамикасын байкоо үчүн рейтингдик баалоонун бүтүндөй мөөнөтү аралыгында "Борбордук Азиялык Капитал Банкы" ААКтын ишмердүүлүгүнө дайыма мониторинг жүргүзүп турууну улантат.

Банк жөнүндө маалым кат:

"Борбордук Азиялык Капитал Банкы" ААК — бул жеке жактарга жана корпроративдик кардарларга банктык кызматтардын кеӊири спектрин сунуштаган туруктуу өнүгүүдөгү финансылык институт. Банк узак мөөнөттүү кызматташууну, заманбап технологиялык сервистерди ишке киргизүүнү жана кардарлар менен иштешүүдөгү тажрыйбаны дайыма жакшыртып турууну максат кылат.

"Борбордук Азиялык Капитал Банкы" ААКтын байланыш маалыматтары:

Башкы кеӊсенин дареги: 720017, Кыргызстан, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 161.
Контакт-борборунун бирдиктүү номери 8989 (чалуу бекер)
E-mail: office@capitalbank.kg.
Расмий сайты: www.capitalbank.kg