Кыргызстан Японияда туризм боюнча коомдук өкүлүн дайындады

Кадрлар жана дайындоолор 28 сентябрь 2026 09:00
1.webp
825292286_1698.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
1.webp
825292286_1698.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Кейго Йошида Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин Япониядагы коомдук өкүлү болуп дайындалды. Ага "Кыргыз Республикасынын Туризм боюнча элчиси" макамы ыйгарылды.

Кейго Йошида агенттиктин Япониядагы коомдук өкүлү катары Кыргызстандын туристтик потенциалын Японияда жана эл аралык аренада жайылтууга көмөктөшөт.

Анын милдеттерине ошондой эле Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү, туризм тармагына инвестиция тартуу, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкөнүн ортосундагы туристтик жана ишкердик байланыштарды чыңдоо кирет.