Бишкектин жанындагы лыжа базалары кышкы сезонго кандай даярданууда?

Туризм
Бишкектин жанындагы лыжа базалары кышкы сезонго кандай даярданууда?
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Кышкы туристтик сезон жакындаган сайын Кыргызстандагы лыжа базалары эс алуучуларды кабыл алууга даярдык көрө баштады. Бүгүн "Кабар" агенттигинин журналисттери 2026–2027-жылдардагы сезонго даярдык көрүү алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери рейд жүргүзгөн "Чуңкурчак" жана "ЗиЛ" лыжа базаларында болушту. Иш сапардын жүрүшүндө журналисттер аркан жолдордун даярдыгы, инфраструктуранын абалы жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен таанышты.

Аркан жолдордун даярдыгы жана коопсуздук талаптарынын сакталышы текшерилди

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын башкы инспектору Асыл Адамбаеванын "Кабар" агенттигине билдиргенине караганда, рейд учурунда аркан жолдордун техникалык абалы, ченемдик укуктук актылардын талаптарынын жана өнөр жай коопсуздугунун эрежелеринин сакталышы текшерилди.

Бишкектин жанындагы лыжа базалары кышкы сезонго кандай даярданууда?
"Бүгүн биз лыжа базаларынын сезонго даярдыгын, аркан жолдорду пайдалануудагы талаптардын жана ченемдик укуктук актылардын сакталышын текшерип жатабыз. Текшерүүнүн жыйынтыгында эскертмелерди берип, аркан жолдорду пайдаланууда коопсуздук талаптарынын аткарылышын, кызматкерлердин окуудан өтүшүн жана билимин текшеребиз. Ошондой эле жүргүнчүлөр менен эс алуучулар үчүн коопсуздук эрежелери боюнча нускамалардын бар-жогун карайбыз", — деди Адамбаева.

"Чуңкурчак": эс алуучулардын коопсуздугу үчүн кандай иштер жүргүзүлүүдө?

"Чуңкурчак" лыжа базасынын директору Александр Бредис "Кабар" агенттигине кышкы туристтик сезонго даярдык көрүү алкагында аркан жолдун жабдуулары кандай текшерилерин, көтөргүчтөрдү тейлөө жана лыжа тебүүчү трассаларды эс алуучуларды кабыл алууга даярдоо иштери тууралуу айтып берди.

Бишкектин жанындагы лыжа базалары кышкы сезонго кандай даярданууда?

Анын айтымында, аркан жолдогу отургучтар, кыймылдаткычтар, генераторлор жана электр кыймылдаткычтары техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп, тартуучу түзүлүштөрү менен тормоз системалары текшерилет. Ошондой эле отургучтар үчүн жаңы каптамалар тигилген.

"Бул иштер жыл сайын жүргүзүлөт. Мындан тышкары, бардык адистер жыл сайын аттестациядан өтүшөт. Ар бир таяныч өзүнчө тейленип, сүрүлүүчү тетиктердин баары майланат", — деп маалымдады Александр Бредис.

Ал ошондой эле кыш мезгилинде адистер лыжа тебүүчү трассаны тейлеп, сезонго даярдай турганын айтты. Базанын аймагында аркан жолду жана зиплайнды пайдалануу, ошондой эле коопсуздук эрежелери жазылган маалымат такталары орнотулган.

Мындан тышкары, анын айтымында, "Чуңкурчак" лыжа базасында медициналык пункт иштейт. Анда фельдшерлер нөөмөттө болуп, эс алуучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшөт.

Бишкектин жанындагы лыжа базалары кышкы сезонго кандай даярданууда?

Анын айтымында, эс алуучулар күтүлбөгөн жагдайларда жыгылып же жаракат алып алган учурда аларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлөт. Кошумча медициналык жардам талап кылынса, Тез жардам чакырылат.

"ЗиЛ": лыжа базасы сезонго кантип даярданууда?

"ЗиЛ" лыжа базасынын негиздөөчүсү жана башкы директору Акбар Розиев "Кабар" агенттигине билдиргендей, базадагы лыжа тебүүчү трассалар дүйнөлүк стандарттарга жооп берет жана жаңы үйрөнүп жаткандарга да, тажрыйбалуу лыжачыларга да ылайыктуу.

Бишкектин жанындагы лыжа базалары кышкы сезонго кандай даярданууда?

Анын айтымында, кышкы сезон учурунда трассалар кар чыгаруучу атайын замбиректердин жардамы менен даярдалат. Жасалма кар түшүрүлгөндөн кийин лыжа тебүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн ратрак менен тегизделет.

Ал базанын кызматкерлери күн бою трассалардын абалын көзөмөлдөп турушарын белгиледи. База жабылып, эс алуучулар лыжа тебүүнү токтоткондон кийин трассалар эртеңки күнгө даярдалат.

Ошондой эле базада тажрыйбалуу кызматкерлер иштеп, керектүү техникалар менен камсыздалганын кошумчалады.

Акбар Розиевдин маалыматына караганда, аркан жолдун төмөнкү бекети деңиз деңгээлинен 1 850 метр, жогорку бекети 2 200 метр бийиктикте жайгашкан. Анын узундугу 1 350 метрди түзөт.

"Мындан тышкары, лыжа базасынын аймагында медициналык пункт бар. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандустар орнотулган. Алар да биздин базага эс алууга келишет", — деп белгиледи ал.
Бишкектин жанындагы лыжа базалары кышкы сезонго кандай даярданууда?

Жалпысынан, "Чуңкурчак" жана "ЗиЛ" лыжа базалары алдыдагы кышкы туристтик сезонго даярдык иштерин жүргүзүп жатышат. Аркан жолдордун техникалык абалын текшерүү, жабдууларды тейлөө, лыжа тебүүчү трассаларды даярдоо жана коопсуздук чараларын көрүү эс алуучулардын жайлуу жана коопсуз эс алуусун камсыздоого багытталган.