Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси, Ош юстиция башкармалыгынын башчысы Уларбек Абдыкадырович Жунусов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Уларбек Абдыкадырович Жунусов 1981-жылдын 25-апрелинде Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган. 2001-жылы Кыргызстан Эл аралык университетин аяктап, бакалавр даражасына ээ болгон. 2003-жылы ошол эле окуу жайда "Юриспруденция" адистиги боюнча магистратураны аяктаган.
Уларбек Абдыкадырович эмгек жолун 2001-жылы Конституциялык сотто консультант болуп баштаган. Көп жылдык мамлекеттик кызматында ал өзүн квалификациялуу адис, принципиалдуу жана жоопкерчиликтүү жетекчи катары көрсөтө алган. Конституциялык сотто, прокуратура органдарында, Мамлекеттик салык кызматында, Жогорку Кеңеште жана Сот департаментинин тутумунда ак ниет эмгектенген.
Уларбек Абдыкадырович кесиптик ишмердигинин олуттуу бөлүгүн юстиция органдарына арнаган. Ош шаардык юстиция башкармалыгында жардамчыдан баштап башкармалыктын начальнигинин орун басарына чейинки эмгек жолун басып өтүп, 2021-жылдын декабрь айынан тартып Ош юстиция башкармалыгын жетектеп келген.
Башкармалыкты жетектеген жылдары ал жарандардын укуктук кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу долбоорлорун ишке ашырды. Анын жетекчилиги астында Кара-Суу районунда башкармалыктын жаңы имараты ачылып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу жаңы Юстиция үйүнүн курулушу башталган. Жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жолго коюп, мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөгөн, калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иштерди да алып барган.
Кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн Уларбек Жунусов Юстиция министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Мекенинин тактыктуу кызматкери, өз ишинин кесипкөй адиси Уларбек Абдыкадыровичтин жаркын элеси кесиптештеринин, досторунун жана аны тааныгандардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Юстиция министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтат.