Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда жарандар нотариуска барбастан, телефон аркылуу аралыктан нотариалдык кызматтарды ала алышат. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин Нотариат, юридикалык жактарды каттоо жана апостилдөө башкармалыгынын башчысы Элчибек Бекбоев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө чет өлкөдө жүргөн жарандар үчүн бул кызмат ыңгайлуу. Алар Кыргызстандан тышкары жерде жүрүп эле мобилдик тиркеме аркылуу нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзө алышат.
“2024-жылдын февраль айынан баштап “Электрондук нотариат” системасын киргизгенбиз. Ал эми 2026-жылдын февраль айынан тартып мобилдик тиркемесин ишке киргиздик. Жарандар нотариалдык кызмат алуу үчүн нотариуска барбастан, аралыктан эле пайдалана алышат”, - деди Бекбоев.
Ошондой эле мобилдик тиркеме аймактарда нотариустар аз же жок болгон жерлерде жашаган жарандар үчүн да ыңгайлуу экени белгиленди.
Бекбоевдин маалыматына караганда, учурда тиркеме аркылуу көбүнчө ишеним каттарды тариздөө жана балдарды чет өлкөгө чыгарууга байланыштуу ата-эненин макулдугун берүү сыяктуу нотариалдык кызматтар көрсөтүлүүдө.