Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Кыргызстан 2027-жылы КМШга мүчө мамлекеттердин Юстиция министрлеринин кеңешине төрагалык кылат. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун Армениянын Ереван шаарында өткөн кеңештин 20-жыйынына Кыргызстандын атынан юстиция министринин биринчи орун басары Сайра Ызакова катышты.
Жыйында юстиция органдарын санариптештирүү, электрондук укуктук кызматтарды киргизүү, мыйзамдарды өркүндөтүү жана пробация институтун өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле нотариат жана адвокатура тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, жарандык абалдын актыларын каттоо органдарынын методикалык кеңешин түзүү маселелери каралды.
Белгилей кетсек, 2027-жыл КМШда укуктук агартуу жылы деп жарыяланган. Бул жыл Кыргызстандын юстиция органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына да туш келет.