Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Алмаз Айылчиев юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ал буга чейин президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары – укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.