Кыргызстан БУУда сот адилеттигин реформалоо тажрыйбасын бөлүштү

Коом 28 сентябрь 2026 15:25
3.jpg
1.jpg
2.jpg
4.jpg
5.jpg
Алдыга
Артка
3.jpg
1.jpg
2.jpg
4.jpg
5.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Юстиция министрлиги

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын делегациясы Абу-Дабиде өтүп жаткан БУУнун Кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза сот адилеттиги боюнча 15-конгрессинде өлкөнүн сот адилеттигин реформалоо тажрыйбасын тааныштырды.

Юстиция министрлигинен билдиришкендей, министр Алмаз Айылчиев Кыргызстандын бул жааттагы артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, санариптик технологияларды киргизүүнүн, пробацияны өнүктүрүүнүн жана эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жаза чараларын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Кыргызстан ошондой эле Pledge4Justice демилгесин колдой турганын билдирип, 2026–2031-жылдары санариптик доордо кылмыш иштери боюнча эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясын ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча милдеттенме алды.

Мындан тышкары, министр "Киотодон Абу-Дабиге чейин: кылмыш-жаза сот адилеттиги жана укук бузуучулар менен иштөө жаатындагы идеяларды иш жүзүнө ашыруу" аттуу министрлердин иш-чарасына катышты. Анда кылмыштуулукту алдын алуунун заманбап ыкмалары, пробация, кайра социалдаштыруу жана эркиндигинен ажыратууга альтернативдүү жаза чаралары боюнча пикир алмашуу болду.