Кореяда иштеген мекендештердин пенсиялык келишимин иштеп чыгуу тездейт

Коом 17 сентябрь 2026 11:50
Кореяда иштеген мекендештердин пенсиялык келишимин иштеп чыгуу тездейт
copyright icon WWW

Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында Корея Республикасынын премьер-министри Хан Сон Сук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушууда Садыр Жапаров Корея Республикасында иштеп жаткан Кыргызстандын жарандарынын санынын өсүшү пенсиялык камсыздоо жаатындагы укуктук базаны мындан ары өркүндөтүүнү талап кыларын белгиледи.

Мындан улам президент Кыргызстан жана Корея өкмөттөрүнүн ортосунда пенсиялык камсыздоо боюнча келишимди иштеп чыгуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү жана документти кол коюуга даярдоону сунуш кылды.

Президент Садыр Жапаров жана премьер-министр Хан Сон Сук эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантуу зарылдыгын белгилеп, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешип иш алып барууга даяр экенин ырасташты.