Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Бул тууралуу уюмдун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында өткөн түз эфирдеги жыйынында белгилүү болду.
Шайлоого жалпысынан 191 мамлекет катышып, жыйынтыгында өлкөбүз 142 добуш менен ишенимдүү жеңишке жетишти. Кыргызстан Филиппин менен ат салышты. Ал эми Филиппин 49 добуш алды.
Кыргызстандын аталган кеңештеги туруктуу эмес мүчөлүгүнүн расмий иши 2027-жылдын 1-январынан тартып башталат.