Бишкек, 01.09.26 /Кабар/. Beeline улуттук мобилдик оператору VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий байланыш оператору катары катышуучуларды, конокторду жана уюштуруучуларды иш-чаранын бардык аянтчаларында үзгүлтүксүз мобилдик байланыш жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылат.
Быйыл Оюндар 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Ачылыш аземи борбор калаанын "Бишкек Арен" стадионунда өттү, ал эми мелдештер жана масштабдуу этношаарча Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда уюштурулат. Тарыхыбызды чагылдырган Оюндар өтүп жаткан убакта, Beeline байланышта болуу жана эмоциялар менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.
Beeline менен жакын-досторго чалуу, стористе сүрөт-видео бөлүшүү жана түз эфирге чыгуу – тез жана оңой. Заманбап технологиялар менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ар бир адам үчүн жеткиликтүү болот, ал эми кооз сүрөттөр дүйнө жүзүн- тарайт.
Оюндардын быйылкы масштабы өтө чоң, ага 113 өлкөнүн делегациялары, 3000дей спортчу, 40тан ашык этноспорт түрлөрү жана 100 000ден ашык көрүүчү катышат. Кыргызстан үчүн бул өзгөчө жетишкендик, биздин өлкөдө жаралган долбоор ири эл аралык иш-чарага айланды.
Beeline улуттук мобилдик оператору үчүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын коштоп, адамдарды жана маданияттарды бириктирген байланыш кызматтарын камсыздоо – чоң сыймык. Бул иш-чара көчмөн элдердин бай мурасын жана ачык, меймандос, каада-салттарын жогору туткан заманбап Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө таанытып келет.
Beeline – жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.
КРнын МТжБМКсына караштуу МБАнын №15-1420-КР, №16-1526-КР лицензиялары жана КРнын СӨМүнө караштуу МБАнын №21-0482-КР лицензиясы.