Чыңгыз Ахматов башкы прокурордун биринчи орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор 14 сентябрь 2026 14:05
Чыңгыз Ахматов башкы прокурордун биринчи орун басары болду

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматына Ахматов Чыңгыз Аширбекович дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан “Кабар” агенттигине билдиришти.

Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койду.

Чыңгыз Ахматов 1981-жылдын 7-июлунда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн.

2003-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу 2004-жылы Талас облусунун прокуратурасында иштөөдөн башталган.

Ал прокуратура органдарында бир катар жетекчилик кызматты аркалап, 2024-2026-жылдары Ош облусунун прокурору болуп эмгектенген.