Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Жаңы окуу жылы башталган сайын, смартфон окуучулар үчүн алмаштыргыс жардамчыга айланат. Мектеп чаттары, электрондук материалдар, маалымат издөө, ата-энелер, мугалимдер жана классташтар менен байланыш – мунун баары окуу процессинин ажырагыс бөлүгү болуп калды. Эгер эски смартфонуңуз окуучунун күнүмдүк милдеттерин аткара албай калса, анда жаңы түзмөк алууга убакыт келди. Beeline сатуу жана тейлөө кеңселеринде дал ушул учурда сатып алуучулар үчүн эки кызыктуу сунуш иштейт.
"Коло" категориясындагы кооз номер белекке
2026-жылдын сентябрь айынын аягына чейин Redmi, POCO же Realme смартфонун сатып алганда, "Коло" категориясындагы кооз номерди белекке алсаңыз болот.
Акцияга катышуу үчүн бул бренддердин биринин смартфонун Beeline'дын каалаган кеңсесинен сатып алып, баасы 330 сомдон жогору болгон тарифти кошушуңуз керек. Жаңы түзмөк менен бирге сизге дароо эле өзгөчө, эсте каларлык номер берилет — бул сиздин сатып алууңузга жагымдуу толуктоо болот.
Ашыкча төлөмсүз ыңгайлуу бөлүп төлөө
Жаңы смартфонду азыр тандап — акчасын бөлүп төлөңүз! Beeline сатуу жана тейлөө кеңселеринде Optima Bankтан "Пайда" пайызсыз бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү бар. Бул бюджетиңизге кошумча салмак салбай, сапаттуу смартфон сатып алууга эң сонун мүмкүнчүлүк.
Бөлүп төлөө 6 айга комиссиясыз жана ашыкча төлөмсүз берилет. Ай сайын төлөм 2 292 сомдон башталат жана тандалган түзмөктүн баасына жараша болот.
Beeline кеңселеринде түзмөктөрдү сатып алуу үчүн пайызсыз бөлүп төлөөгө Optima Bankтын "Пайда" продуктуна ээ болгон кардарлары кайрыла алышат. Банктын бөлүмүнө баруунун кажети жок: бөлүп төлөө Optima24 тиркемесинде 5 мүнөттө таризделет, ал эми төлөм Optima QR аркылуу оңой которулат.
Девайстардын ассортименти жана баасы, ошондой эле бөлүп төлөөгө түзмөктөрдү сатып алууга боло турган Beeline кеңселеринин даректери компаниянын сайтында көрсөтүлгөн.
Окуу, жумуш, баарлашуу жана башка маанилүү иштер үчүн смартфонду пайдалуу жаңыртуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Beeline менен заманбап технологиялар дагы жакыныраак жана жеткиликтүү!
Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.
КР МТжБМК караштуу МБА №15-1420-КР, №16-1526-КР лицензиялары, СӨМ караштуу МБА №21-0482-КР лицензиясы.