Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Кыргызстандык режиссер Алтынбек Максүтов америкалык режиссер Эрик Ялгашев тарабынан Голливудга чакырылды. Ал АКШда режиссерлор жана кино тармагынын адистери үчүн мастер-класс өткөрөт. Бул тууралуу Эрик Ялгашев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Америкалык кинематографист Кыргызстандын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөргөнүнө жана өзгөчө Кырчын жайлоосунда түзүлгөн аянтчага таң калганын айтты.
"Кырчынга абдан таң калдык, бул даяр киноаянтча экен. Дүйнөдө адамдар жылдап убакыт коротуп түзгөн нерсени силер болгону эки айда куруп койдуңар. Бул - укмуштуудай эмгек. Мен коюучу режиссер Алтынбек Максүтов менен таанышып, аны Голливудга чакырдым. Ал биздин америкалык режиссерлорго жана кино тармагындагы адистерге мастер-класс өтүп берсе деген сунуш айттым", - деди Эрик Ялгашев.