Максүтов: Көчмөндөр оюндарынын маданий программасы алгачкыдан 10-20 эсеге кеңейди

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 13:15
Максүтов: Көчмөндөр оюндарынын маданий программасы алгачкыдан 10-20 эсеге кеңейди
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. 2014-жылдан бери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн маданий концепциясын тереңдетүү боюнча үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүп, быйылкы маданий программа алгачкы оюндарга салыштырмалуу 10-20 эсеге кеңейди. Бул тууралуу КР эл артисти, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы режиссеру Алтынбек Максүтов Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ал 2014-жылдан бери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга жана анын маданий программасын даярдоого режиссер катары катышып келет. Ар бир оюндар аяктаган соң кийинки иш-чараларды пландоо менен маданий концепцияларды мындан ары да өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

“Акыркы 8-10 жыл аралыгында маданий концепцияларды андан ары тереңдетүү боюнча талыкпай эмгектендик. Ушул мезгилде маданий программабыз мурункуга караганда 10-20 эсе кеңейди. Негизги максатыбыз — өзүбүздүн бай маданиятыбызды, тарыхыбызды көрсөтүү жана дүйнөлүк деңгээлдеги меймандар менен туура карым-катыш түзүү”, — деди Максүтов.

Ал дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздардын Кыргызстанга келиши өлкө үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Анын айтымында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Голливуд жылдыздары жана “Оскар” сыйлыгынын ээлери мейман катары катышууда.

“Бизге келген бул инсандардын жөнөкөйлүгү, маданиятыбызга болгон урматы бизди абдан кубантат”, — деди ал.

Мындан тышкары, Алтынбек Максүтов улуттук кино өнөрүнө жана кыргыз маданиятына зор салым кошкон актриса Наталия Аринбасарованын Кыргызстанга келүүсүн өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, актриса Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытууга жана бүтүндөй бир муунду тарбиялоого салым кошкон.

Ошондой эле Максүтов сөзүнүн аягында көчмөндүк темасына кеңири токтолуп, көчмөн турмуш элибиздин жөн гана жашоо образы эмес, дайыма кыймылда болуу, өнүгүү жана жаңы мейкиндиктерди багынтуу философиясы катары мүнөздөдү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарды 2014, 2016, 2018-жылдары өткөрүлгөн.