Медербек Алиев: Жогорку Кеңеш мекендештер менен ачык диалогго даяр

Жогорку Кеңеш 11 сентябрь 2026 15:50
803586233_1836422424388550_1204781663583138631_n.jpg
801883165_1796323931604283_610061794151228709_n.jpg
802680604_1530425862458690_1040641269407198073_n.jpg
803202980_1773534783774478_6220976703570102930_n.jpg
803370564_1555884442390947_7716092114134982597_n.jpg
803600842_2085312799011670_2267591864276815505_n.jpg
804365026_1795540458379170_2107584280787392845_n.jpg
804365036_29381377304786101_1752435754254436012_n.jpg
804648259_29543215818612104_8717928356237298871_n.jpg
805755326_3226701094195280_1838012891576849654_n.jpg
806001956_2152872495442384_8775267504289904276_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген мекендештер менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда миграция маселелери, кыргыз диаспоралары менен кызматташууну чыңдоо, мекендештердин тарыхый мекен менен байланышын бекемдөө, ошондой эле кыргыз тилин, маданиятын жана улуттук баалуулуктарды чет өлкөлөрдө жайылтуу маселелери талкууланды.

Медербек Алиев миграциялык саясатты өркүндөтүү жана мигранттардын укуктук абалын жакшыртуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

"Биз үчүн мекендештерибизди Кыргызстанда гана кабыл алуу эмес, алар жашаган өлкөлөргө барып, жашоо-турмушу менен жеринде таанышуу, көйгөйлөрүн угуу жана мүмкүн болушунча аларды чечүүгө көмөк көрсөтүү чоң мааниге ээ. Жогорку Кеңеш ар дайым мекендештер менен ачык диалогдо болууга даяр", — деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө Медербек Алиев бир катар катышуучуларга Жогорку Кеңештин Ыраазычылык каттарын тапшырды.