Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Таласта Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу сөз кылды.
Мамлекет башчысы Кыргызстан дүйнөлүк масштабдагы бул ири спорттук-маданий иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүп алганын белгиледи.
“Албетте, быйыл биз үчүн маанилүү окуялардын бири — VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү болду. Биз бул оюндарды эң жогорку деңгээлде өткөрүп алдык. Бул иш-чаранын Кыргызстандын маданий жана дипломатиялык аброюн бекемдөөдө өзгөчө мааниси бар”, — деди Садыр Жапаров.
Президенттин айтымында, Көчмөндөр оюндары улуттук спортту жана маданиятты дүйнөгө таанытууга гана эмес, Кыргызстанды эл аралык аренада кеңири көрсөтүүгө да өбөлгө түздү.