Эски дөңгөлөктөр эми таштанды эмес: Токмокто жаңы завод ишке кирди

Экономика 12 сентябрь 2026 11:25
Эски дөңгөлөктөр эми таштанды эмес: Токмокто жаңы завод ишке кирди
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстанда өлкөнүн өндүрүштүк потенциалын жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган иштер уланууда. Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жүздөн ашуун социалдык жана өнөр жай объектиси пайдаланууга берилүүдө. Анын алкагында Чүй облусунун Токмок шаарында унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүчү завод расмий ачылды.

Ишкананын ачылыш аземине мамлекет башчысы аралыктан катышып, өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүнүн, аймактарда өндүрүштү көбөйтүүнүн жана жаңы жумуш орундарын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Завод "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын туунду компаниясы болуп саналат. Ишкана буга чейин тесттик режимде иштеп, колдонулган дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү багытында иш алып барып келген.

Ишкана жылына 6 миң тоннага чейин дөңгөлөктү кайра иштетүүгө жөндөмдүү. Мындан тышкары, карьердик, курулуш жана айыл чарба техникаларын кошкондо бардык типтеги ири габариттүү дөңгөлөктөрдү кабыл алат.

Дөңгөлөктөргө экинчи өмүр берилет

Заводдун негизги өзгөчөлүгү — колдонууга жараксыз болуп калган дөңгөлөктөрдү таштандыга чыгарбай, кайра өндүрүшкө тартуу.

Анда эки негизги цех иштейт. Биринде унаа дөңгөлөктөрү калыбына келтирилсе, экинчисинде кайра колдонууга жараксыз дөңгөлөктөр механикалык ыкма менен кайра иштетилет.

Заводдун директору Александр Сметаниндин айтымында, келген дөңгөлөктөр биринчи кезекте сорттолуп, кайра колдонууга жарактуулар калыбына келтирилет.

"Адегенде алар сорттолот. Кайра колдонууга жарактуулар калыбына келтирилет. Ал эми жараксыздары экинчи цехке жөнөтүлүп, резина күкүмүнө чейин кайра иштетилет. Андан кийин бул материал балдар аянтчаларын, спорттук жана башка социалдык объектилерди жасоодо колдонулат.
Өндүрүштүн көлөмү сырьёнун көлөмүнө жараша көбөйтүлөт. Толук кубаттуулукка чыкканда айына болжол менен 150 тонна эски дөңгөлөктү кайра иштетүү пландалууда.
Сырьё көбөйгөн сайын өндүрүштү да кеңейтебиз. Бир нөөмөттөн эки же үч нөөмөткө өтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Учурда заводдо жалпысынан 80ге жакын адам эмгектенет. Өндүрүш көлөмү көбөйгөн учурда кызматкерлердин санын 200 адамга чейин жеткирүү пландалууда”, — деди Сметанин.

Ишканага эски дөңгөлөктөрдү жеке жарандар да алып келип тапшыра алышат. Учурда завод өнүгүү баскычында болгондуктан, дөңгөлөктөр акысыз кабыл алынууда. Кийинчерээк утилдештирүү боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү каралган.

Кайра иштетүү — экологияга пайдалуу чечим

Заводдун башкы инженери Азамат Бокоевдун айтымында, биринчи цехте дөңгөлөктөр калыбына келтирилип, дагы бир жолу иштетүүгө кетсе, экинчи цехке түшкөн жараксыз дөңгөлөктөр толугу менен кайра иштетилет.

"Мунун негизги максаты — эски дөңгөлөктөрдүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу. Дөңгөлөк жерге көмүлүп калса, резина 500 жылга чейин чирибей жата берет. Ошондуктан биздин негизги максат — жараксыз дөңгөлөктөрдү кайра иштетип, жаратылышка тийгизген таасирин азайтуу.
Алгач алар майдаланып, бир нече бөлүккө бөлүнөт. Андан кийин атайын жабдуулар аркылуу металл зымдары магниттик ленталар менен ажыратылат. Калган резина дагы майдаланып, ар кандай өлчөмдөгү күкүмгө айланат.
Резина күкүмүн балдар жана спорт аянтчаларына коопсуздук үчүн төшөөгө болот. Ошондой эле аны атайын желим менен аралаштырып, плитка жасап, ар кандай жерлерге төшөөгө мүмкүн”, — деп кошумчалады Бокоев.

Жергиликтүү адистер Германияда окуудан өтүшкөн

Заводдо механик, слесарь, электрик, ширетүүчү, монтаждоочу жана башка адистер иштейт. Алардын айрымдары заманбап жабдуулар менен иштөөнү үйрөнүү үчүн Германияда атайын окуудан өтүп келишкен.

"Жабдуулар Германиядан алып келинген. Биздин балдар ошол жакта окуп, иштөө тартибин үйрөнүп келишкен. Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү боюнча технологияны, жолдорго байланыштуу талаптарды өздөштүрүштү. Азыр иш ошол жактан алган техникалык регламенттердин негизинде жүргүзүлөт", — деди Азамат Бокоев.

Ишканада негизинен Токмок шаарынын тургундары эмгектенет. Алардын арасында буга чейин чет өлкөдө миграцияда жүрүп, кийин мекенине кайтып келгендер да бар.

Мурда миграцияда жүргөндөр да иш менен камсыз болууда

Эки жыл миграцияда жүргөн Эрмек Мамбеталиев учурда заводдо дөңгөлөк оңдоочу болуп иштөөдө. Ал өз жеринде жумуш орду түзүлүп, анда иштеп жатканына ыраазы.

“Бардык шарттары каралган. Иштегенге ыңгайлуу. Айлыгы жетиштүү”, — деди ал.

Жаңы ишканалардын ачылышы өндүрүштү көбөйтүү менен гана чектелбестен, жергиликтүү тургундарды туруктуу жумуш менен камсыз кылууга да шарт түзүүдө.

Эксперт: Өндүрүш көбөйсө, экономиканын башка көрсөткүчтөрү да өсөт

Экономика илимдеринин доктору, профессор Сагын Чалбаева өлкөдө акыркы жылдары жаңы өндүрүш ишканаларынын ачылышын экономиканын өнүгүшүнө түз таасир бере турган маанилүү фактор катары баалайт.

"Акыркы 4-5 жылда Кыргызстанда ири ишканалар жыл сайын ачылып келе жатат. Бул — эң жакшы нерсе. Бизде экономиканы көтөрө турган негизги тармак — өндүрүш. Өндүрүш болсо, ички дүң продукция да өсө баштайт. Ири ишканалар жана орто ишканалар ачыла берсе, экономика өнүгөт. Анткени алар адамдарды жумуш менен камсыздайт. Андан кийин ички дүң продукция көбөйөт, салыктык түшүүлөр өсүп, бюджеттин киреше бөлүгү көбөйөт. Мунун баары түздөн-түз экономиканы мындан ары көтөрүүгө алып келет”, — деп белгиледи Сагын Чалбаева.

Кумтөр мамлекетке 1,2 млрд доллардан ашык төлөм которгон

Завод "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын туунду ишканасы болуп саналат. Компаниянын маалыматына караганда, Кумтөр мамлекеттик башкарууга өткөн 4,5 жыл ичинде өлкө бюджетине салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 233 млн 216 миң доллар которулган.

Бул көрсөткүч 2022-жылдын январынан 2026-жылдын июнь айына чейинки мезгилди камтыйт. Ушул аралыкта компаниянын жалпы кирешеси 4 млрд 991 млн 956 миң долларды, таза пайдасы 2 млрд 196 млн 678 миң долларды түзгөн.

Мындан тышкары, компаниянын жалгыз акционери "Кыргызалтын" ААКка 741 млн 298 миң доллар дивиденд төлөнгөн. Ал эми 2026-жылдын январь-июль айларында "Кумтөр Голд Компани" мамлекетке салык жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 19 млрд сом которгон.