Бишкек, 12.09.26 /Кабар/. Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө боюнча жаңы объекттер ачылды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын алкагында Баткен облусунда төрт өнөр жай объектиси салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилди.
Алардын катарында Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү цех, Кызыл-Кыя шаарындагы ”Асыл холдинг“ ЖЧКсынын кургак курулуш аралашмасын өндүрүүчү ишканасы, Кадамжай районунун Гүлдүрөмө айылындагы шагыл майдалоочу цех жана Үч-Коргон айыл аймагындагы ”Тянь-Шань” ЖЧКсынын тоо-кен ишканасы бар.
Ачылыш аземдерине жергиликтүү жетекчилер катышып, жаңы ишканалардын облусунун экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилешти.