Кырчындагы “Көчмөндөр ааламы” шаарчасында улуттук мурас даңазаланды

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 15:45
Кырчындагы “Көчмөндөр ааламы” шаарчасында улуттук мурас даңазаланды
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасында улуттук мурас даңазаланды. Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан маалымат жыйынында аталган оюндардын башкы режиссеру Алтынбек Максүтов билдирди.

Анын айтымында, Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук маданиятты даңазалаган негизги аянтчалардын бири болду.

“Шаарчада 13 республикалык кароо-сынактын алкагында Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан, ошондой эле коомдук уюмдардан келген жалпы 1331 катышуучу өз өнөрүн тартуулады. Сынактар музыка, бий, кол өнөрчүлүк, улуттук кийим, каада-салт, улуттук ашкана, боз үй жана көчмөн маданиятынын башка мыкты үлгүлөрүн бир аянтчага бириктирди.
Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” сынактарынын жеңүүчүлөрү аныкталып, мыктылар сыйланды. Сынактар улуттук мурасты, салт-санааны, кол өнөрчүлүктү, ыр-бийди жана көчмөн маданиятын кеңири жайылтууга багытталды.
“Кут Ордо” борбордук сахнасында “Жашоо жарыш”, “Көчмөн кайрык”, “Бий ыргак”, “Шамдагайлар” жана “Саркеч” сынактары өттү. Ал эми “Көчмөндөр айылынын” ордолорунда “Уз-уста”, “Улуттук каада-салттар”, “Көчмөн даамы” жана “Мыкты кыргыз боз үйү” сынактары уюштурулду”,-деди Максүтов.