Кыргыз актёрлору драманы анализдөө боюнча тажрыйба топтоодо

Коом
Кыргыз актёрлору драманы анализдөө боюнча тажрыйба топтоодо
copyright icon www

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында казакстандык театр режиссёру Баатырбек Шамбетов "Драманы анализдөө" темасында мастер-класс өткөрдү. Бул тууралуу театрдан кабарлашты.

Анда белгиленгендей, мастер-класстар XIV республикалык театр фестивалынын алкагында өтүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар драмалык чыгармаларды талдоо боюнча билимдерин тереңдетип, актёрдук чеберчиликти өнүктүрүүгө багытталган практикалык көнүгүүлөрдү аткарышты.