Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. 12-августта Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде каллиграфия боюнча мастер-класс өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Эл аралык каллиграфия күнүнө арналган иш-чара катышуучуларды каллиграфия өнөрүнүн негиздери менен тааныштырып, учтуу калем менен жазуунун ыкмаларын үйрөтүү максатын көздөйт.
Мастер-класста калемди туура кармоо жана колдонуу, жазуунун негизги элементтерин аткаруу боюнча практикалык көнүгүүлөрдү жасалат.
Мастер-класс каллиграфия менен мурда алектенбегендерге жана бул өнөрдү жакындан үйрөнүүнү каалагандарга ылайыкталган.