“Сызык өнөрү” аттуу сүрөт боюнча мастер-класс өтөт

Маданият Загрузка... 13 Май 2026 16:45
28ec4ec91a8e44cbf8b3a1325c3e73a0.jpg
copyright icon www

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. 16-майда Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде “Сызык өнөрү” аттуу сүрөт боюнча мастер-класс өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара чыгармачыл ой жүгүртүүнү, көркөм кабылдоону жана сүрөт тартуунун практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Анда катышуучулар тажрыйбалуу сүрөтчүнүн жетекчилиги алдында кесиптик баарлашууга катышып, автордук ыкмалар менен таанышып, практикалык тапшырмаларды аткарышат.

Сүрөтчү Залкар Жакыпов катышуучуларга композициялык түзүлүштүн негиздери, форма, пропорция жана перспектива өзгөчөлүктөрү, ошондой эле жарык-көлөкө жана көркөм образ менен иштөө ыкмалары тууралуу маалымат берет.

Сабактын жүрүшүндө катышуучулар техникалык көндүмдөрүн өркүндөтүп гана тим болбостон, сызык жана графика аркылуу өздөрүнүн жекече көркөм көз карашын ачууга мүмкүнчүлүк алышат.