Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков парламенттин жыйынында Талас облусунун Ак-Дөбө айылындагы Теодор Герцен атындагы сүрөт музейин “Манас Ордо” комплексине берүүнү сунуштады.
Депутат президенттин көрсөтмөсү менен “Манас Ордодо” көргөзмөлөрдү жаңыртуу боюнча кеңири иштер жүрүп жатканын жана жаңыртылган комплекстин ачылышы 31-августка белгиленгенин белгиледи.
Анын айтымында, музей учурда айылдык кеңештин карамагында турат.
Самаков сүрөтчүнүн чыгармачылыгы “Манас” эпосуна байланыштуу болгондуктан жана андагы образдарды ачууга жардам бергендиктен, музейди “Манас Ордого” кошуу туура болот деп эсептейт.
Эл өкүлү бул бириктирүү мамлекеттин маданий саясатына жана улуттук идеологияны бекемдөөгө шайкеш келет деп эсептейт.