Г.Айтиев атындагы музейде "Сүрөттөрдөгү эмоциялар" курсу башталат

Коом 29 сентябрь 2026 11:10
Г.Айтиев атындагы музейде "Сүрөттөрдөгү эмоциялар" курсу башталат
copyright icon www

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде психологдор жана арт-терапевттер менен биргеликте балдар үчүн "Сүрөттөрдөгү эмоциялар" курсу башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курс көркөм чыгармачылык аркылуу балдардын эмоцияларын таанып-билүүсүнө, өз сезимдерин түшүнүп, эркин билдирүүсүнө, ошондой эле чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

Сабактардын жүрүшүндө балдар көркөм чыгармалар аркылуу эмоцияларды таанып, аларды түшүнүүгө, өз сезимдерин коопсуз чөйрөдө билдирүүгө, эмпатиясын жана өзүнө болгон ишенимин өнүктүрүүгө үйрөнүшөт.

Курс арт-терапиялык сабактарды жана музейдин экспозициясы менен таанышууну камтыйт. Ар бир топко 6–8 бала кабыл алынат.

Жаш курагы жана сабактардын убактысы:

7–9 жаш — саат 12:00;
10–13 жаш — саат 14:00.

Сабактар балдардын эмоционалдык чөйрөсүн жумшак жана чыгармачыл ыкмалар аркылуу өнүктүрүүгө багытталган. Курстун алкагында жеке психологиялык диагностика жүргүзүлбөйт.

Катталуу үчүн: 0559 909 290.