Францияда музейден Ренуардын үч сүрөтүн уурдап кетишти

Дүйнө 9 сентябрь 2026 09:15
Францияда музейден Ренуардын үч сүрөтүн уурдап кетишти
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Импрессионист-сүрөтчү Пьер-Огюст Ренуардын үч сүрөтү Франциянын Кань-сюр-Мер шаарында “Ренуар музейинен” уурдалды, деп Интерфакс BFM TV билдиргенин жазды.

Маалыматка ылайык, видеобайкоо тасмасына эки ууру түшүп калган. Имараттагы сигнализация иштеген, бирок шектүүлөр полиция келгенге чейин окуя болгон жерден качып кетишкен.

Уурдалган сүрөттөрдүн баасы 9 млн евро турары белгиленүүдө. Уурулук фактысынан кийин музей белгисиз мөөнөткө жабылды.

Эске салсак, Францияда былтыр төрт адамдан турган топ Луврдан 88 млн еврого бааланган зер буюмдарын уурдап кетишкен.