Бишкек, 10.10.26. /Кабар/. Күн мурун Улуттук тарых музейинде музейдин директору Назгүл Өмүрзакова менен Казакстандын Кызылорда облустук тарыхый-өлкө таануу музейинин директору Нурмат Абдуллаулы Мансурдун жолугушуусу өттү.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар музейлер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, көчмө жана конок көргөзмөлөрүн уюштуруу, ошондой эле уникалдуу артефакттарды жана сейрек этнографиялык экспонаттарды таанытуу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын Улуттук тарых музейи менен Кызылорда облустук тарыхый-өлкө таануу музейинин ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Документ эки өлкөнүн музейлери ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө, маданий мурастарды сактоо, изилдөө жана калыбына келтирүү багытында тажрыйба алмашууга, ошондой эле биргелешкен көргөзмөлөрдү уюштурууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Белгиленгендей, бул кызматташтык Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө жана эки элдин тарыхый-маданий мурасын кеңири таанытууга багытталган.