Кыргызстан менен Кытайдын музейлер тармагындагы кызматташтыгы кеңеет — Кабар

Кыргызстан менен Кытайдын музейлер тармагындагы кызматташтыгы кеңеет

Маданият 31 август 2026 08:40
IMG_1965.jpeg
IMG_1968.jpeg
IMG_1966.jpeg
IMG_1967.jpeg
IMG_1964.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1965.jpeg
IMG_1968.jpeg
IMG_1966.jpeg
IMG_1967.jpeg
IMG_1964.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук тарых музейи менен Кытайдын Чжэцзян провинциясынын музейи кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Документ музей ишмердиги жана маданий мурастарды сактоо жаатындагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Меморандумдун алкагында тараптар тажрыйба алмашып, музей экспонаттарын убактылуу берүү аркылуу биргелешкен көргөзмөлөрдү уюштурууну, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү, ошондой эле конференция жана тегерек столдорду өткөрүүнү пландаштырууда.

Мындан тышкары, жолугушууда музей тармагында инновациялык технологияларды колдонуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Чжэцзян провинциясынын музейи Улуттук тарых музейине виртуалдык чындык (VR) көз айнектерин белекке тапшырды.

Белгиленгендей, жаңы жабдуулар музейдеги ”Лянчжу” санариптик маданий-музей көргөзмөсүнө интеграцияланып, келечекте кыргыз тарыхы жана маданияты боюнча иммерсивдүү долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөт.