Бишкек, 22.11.26. /Кабар/. ”Сулайман-Тоо“ улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинде реконструкциялоо иштеринин биринчи этабы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда курулуш техникалары тартылып, алгачкы иштер жүргүзүлүүдө. Долбоордун алкагында музей-комплексинин инфраструктурасын жаңылоо, зыяратчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган.
Реконструкциялоо иштери Сулайман-Тоонун тарыхый-маданий баалуулугун жана уникалдуу мурасын сактоо талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
Эртең, 23-ноябрдан тартып Сулайман-Тоо жана Үңкүр музейлери толугу менен жабылат. Ал эми музейдин башкы имаратындагы экспозиция залы көрүүчүлөр үчүн ачык болот.