Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Үч-Коргон ГЭСинде төрт гидроагрегатты модернизациялоо иштери толук аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Бүгүн акыркы болуп жаңыланган №1 гидроагрегат ишке киргизилди.
"Модернизациянын жыйынтыгында станциянын жалпы кубаттуулугу 180 МВттан 216 МВтка чейин жогорулады. Башкача айтканда, 36 МВт кубаттуулук кошулду", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, 2026-жылы компания №2 жана №1 гидроагрегаттарды жаңыртуу иштерин аяктады. Натыйжада Үч-Коргон ГЭСиндеги төрт гидроагрегат тең модернизациядан өттү.
Жаңылоо станциянын электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ошондой эле бул иштер 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде энергетикалык системанын туруктуу иштешине өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, Үч-Коргон ГЭСи Нарын дарыясынын боюнда жайгашкан. Станция 1961-1962-жылдары пайдаланууга берилген. 60 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткан ГЭСте негизги жабдууларды жаңыртуу боюнча мындай масштабдуу модернизация алгачкы жолу жүргүзүлдү.