Кумтөрдө алтын бөлүп алуу 3 пайызга өстү

Экономика
Кумтөрдө алтын бөлүп алуу 3 пайызга өстү
copyright icon WWW

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Кумтөр кениндеги алтын ылгоочу фабрикада жүргүзүлгөн модернизациялык иштердин натыйжасында алтын бөлүп алуу көрсөткүчү 3 пайызга жогорулады. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы фабрикага көлөмү 3 миң 200 куб метрден болгон эки эритүүчү казан орнотулган. Бул жылына кошумча 100 килограммга чейин алтын бөлүп алууга шарт түзөт.

Ал эми 2024-жылы Борбор Азияда алгачкы жолу мунаралуу тегирмендер ишке киргизилип, долбоор кошумча 155 килограммга чейин алтын алууга мүмкүнчүлүк берген.

"Мындан тышкары, 2026-жылы үч буу генератору пайдаланууга берилген. Жүргүзүлгөн жаңылоолордун натыйжасында рудадагы алтындын үлүшү төмөндөгөнүнө карабастан, фабрика алтын бөлүп алуу көрсөткүчүн 76 пайыздан жогору деңгээлде сактап келет", - деп айтылат маалыматта.