Бишкек, 14.11.26. /Кабар/. Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 71,1 млрд сомдон 2025-жылы 128,5 млрд сомго чейин өстү. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаровго Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө районду өнүктүрүүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат берилди.
Белгиленгендей, көрсөткүчкө "Кумтөр" ишканасынын өндүрүшү да кирет.
Ошондой эле райондун инвестицияларынын жалпы көлөмү 21,4 млрд сом деңгээлинде болжолдонууда.
Мындан тышкары, 13 айылда 981 млн сомдук ичүүчү суу долбоорлору ишке ашырылып, 81 көпүрө курулган.
Учурда райондо "Сүттүү-Булак" тоо лыжа базасын куруу жана Тосор айылын комплекстүү өнүктүрүү сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.