Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Жети-Өгүз районундагы Шалба – Липенко – Жон-Булак унаа жолунун Богатырь айылы аркылуу өткөн бөлүгүндө асфальт төшөө иштери жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылы жолдун 13 чакырымын асфальттоо пландалган. Учурда анын 4,5 чакырымына асфальт төшөлдү.
Курулуш иштерин №35 Жол эксплуатациялоо мекемеси жүргүзүп жатат. Иштер министрликтин көзөмөлүндө.