Ала-Бука – Караван жана Ала-Бука – Касансай жолдору асфальтталды

Аймак
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Ала-Бука – Караван унаа жолунун 14 чакырымына жана Ала-Бука – Касансай жолунун 12 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөө иштери аяктады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда Ала-Бука – Караван жолунда жол чийиндери түшүрүлүп, жол белгилерин орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ал эми Ала-Бука – Касансай унаа жолунда курулушту толук бүтүрүү иштери уланууда.