Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Араван районундагы Караван – Төө-Моюн унаа жолунун 7 чакырымына асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 28 чакырымды түзгөн жолдун оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Учурда асфальт төшөлө турган тилкедеги жер иштери аяктап, кийинки иштер аткарылууда.
"Жол оңдоого 3 каток, асфальт төшөөчү техника, автогрейдер, 2 суу ташуучу унаа, 40 автосамосвал жана 10 кызматкер тартылган", - деп айтылат маалыматта.